super.kg logo

Бишкекте бүгүндөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

 

Бүгүн, 28-майда Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Байтик баатыр көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жабылат.

Ал эми Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Ага ылайык, учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин, ал эми И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы айрым борбордук көчөлөр капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыгын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: