super.kg logo

Бишкекте 44 жаштагы Кенжебек Ибрагимов дайынсыз жоголду

 

Бишкек шаарында Ибрагимов Кенжебек Эмилбекович аттуу жаран дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 17-май күнү У.А. аттуу жаран Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү саат 18:30дар чамасында күйөөсү 1980-жылы туулган Ибрагимов Кенжебек Эмилбекович Марат Казиевдин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Учурда дайынсыз жоголгон адамдын кайда экени белгисиз.

Өзгөчөлүгү: орто дене түзүлүштө, көзү күрөң, чачы кара.

Кийген кийимдери: көк жынсы шым, боз көйнөк, жашыл жилет, бутунда күрөң түстөгү бут кийим болгон.

Урматтуу жарандар! Эгерде сизде Ибрагимов Кенжебек Эмилбековичтин жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган маалымат болсо, төмөнкү телефондорго 0312 35 29 49, 0703 40 16 00, 0554 60 60 00, 0777 86 97 97 жана 102 чалыңыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: