Бишкекте таштандыларды өрттөгөндөргө 800 миңден ашык сомго айып пул салынды





Бишкек мэриясы абанын булганышын жана тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү алдын алуу максатында 2024-жылдын январынан апрелине чейин 274 чарбалык субъекттерде, мончолордо, сауналарда жана жеке менчик үйлөрдө 786 рейддик иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда муниципалитеттен билдиришти.
Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 15-январынан 24-майына чейин жалбырактарды, таштандыларды жана башка буюмдарды өрттөгөндөргө карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 67 протокол түзүлгөн.
Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандардан өндүрүлгөн айыптардын суммасы 874 миң сомду түздү.
Бишкектин райондору боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин бузулушу боюнча статистика:
- Октябрь району боюнча – 29 протокол 372 миң 500 сом суммасында;
- Биринчи май району боюнча – 16 протокол 213 миң сом;
- Ленин району боюнча – 14 протокол 182 миң 500 сом суммасында;
- Свердлов району боюнча – 10 протокол 106 миң сом суммасында.
"Жалбырактарды, тигүү цехтеринен чыккан кездеменин калдыктарын, курулуш материалдарын жана синтетикалык заттарды өрттөө административдик мыйзамдардын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат. Бул шаардын экологиясына да, шаардыктардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.
