super.kg logo

Өлкөдө шектүүлөргө электрондук билерик колдонула баштады

 

Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары "Электрондук байкоо" пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Билдиргендей, электрондук билерикти биринчи жолу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү шектүүлөргө колдонушкан.

"Электрондук билериктер билекке тагылат жана аларды алып салууга же кайра программалоого болбойт. Жабдууларды жок кылуу аракеттери бузуу сигналын иштетет. Мобилдик тиркеме айыпталуучунун телефонуна орнотулат. "Электрондук байкоонун" негизги артыкчылыктарынын бири бул үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө анын эффективдүүлүгү. Система айыпталуучулардын айрым адамдарга же аймактарга жакындоо радиусун чектеп, жабыр тарткандарга кошумча коргоону камсыздай алат.

Билерик аркылуу Пробация департаментинин Мониторинг борбору 24 саат бою шектүүнүн кыймылын үзгүлтүксүз көзөмөлдөйт. Тергөөчү же судья тарабынан белгиленген бул бөгөт коюу чарасынын шарттары аткарылбаган учурда пробация органдары эреже бузууларга тез чара көрө алышат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик аталган билерик анча оор эмес кылмыштарга шектелгендер үчүн колдонуларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: