super.kg logo
  Саясат  

“Апалар да алимент төлөсүн”. Жогорку Кеңештин депутаты жалгыз бой аталардын укуктарын кароону айтты (видео)

 

Баланы атасы бакса, энеси тарабынан алимент төлөнсүн. Бул туурасында бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Улукбек Ормонов “Жарандык абалдын актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам үчүнчү окууда каралып жатканда билдирди.

“Эгерде баланы атасы бакса, акчасын апасы төлөп берсин. Мындай учурлар азыркы тапта көбөйүп жатат. Жалаң эле энелерди айта бербей, аталарды да айтышыбыз керек. Тең укуктуулук дегенде ушул жагын унутуп калбайлы. Мыйзамды жазганда эске алгыла”, - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева жаш жубайлар арасында ажырашуу көп болуп жаткандыгын белгилеп, бала бир жашка толмоюнча нике күбөлүк кыркылбай, эне жардамга муктаж учурунда колдоо болбой жаткандыгын билдирди.

“Бала 1 жашка чейин нике бузулбайт. Мыйзамда каралган. Жаш баласы менен калган жалгыз бой эне муктаж учурунда алимент төлөнбөй калып жатат. Эске алуу менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсеңер”, - деп билдирди депутат.

Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев өткөн жылы 44 миң нике күбөлүк берилсе, 12 миң 662 нике бузулгандыгын айтты. Ошондой эле,“Үй-бүлө” кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын билдирип, эл өкүлдөрү тарабынан айтылган пикирлер эске алына турганын айтты.






Жогорку Кеңештин депутаты жалгыз бой аталардын укуктарын кароону айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: