super.kg logo

Израилдин премьер-министри Рафахка чабуулду трагедиялуу кырсык деп атап, ХАМАС менен согуш улантыларын айтты 

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСка каршы согушту улантууга убада берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.

Израиль парламентинде Нетаньяху соккуну "трагедиялуу кокустук" деп айтып, бирок "бардык максаттар ишке ашмайынча согушту токтотуу ниетим жок" деп кошумчалады.

Анын айтымында, Израиль карапайым калкты коргоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүп жатат. Ал эми Израилдин куралдуу күчтөрү жаңжалга катышпагандарга зыян келтирбөөгө аракет кылууда.

"Рафахта биз миллиондогон тургундарды эвакуацияладык, бирок биздин аракетибизге карабастан, кечээ каргашалуу кырсык болду", - деп айтты парламентте Нетаньяху.

Ошондой эле ал бул окуя иликтенип, жыйынтык чыгарыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жекшемби күнү
Израилдин коргонуу күчтөрүнүн Рафах качкындар лагерине жасаган соккусунан 35 киши набыт болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: