super.kg logo
  Саясат  

“Дагы бир жерди бузганы кеттиби?" Нурдан Орунтаевдин Жогорку Кеңешке келбегенине депутат нааразы болду (видео)

 

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Анда курулуш иштерин лицензиялоодогу айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом каралган.

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча баяндамага мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу чыккан учурда эл өкүлү Улугбек Ормонов баяндамачы деген жерде жетекчинин аты-жөнү жазылып турса, өзү жок деп сындады.

“Күн тартибинде баяндамачы Нурдан Орунтаев деп турат. Келбегендигинин себеби жүйөлүүбү, жүйөсүзбү. Ооруп калгандыр, балким. Же дагы бир имаратты бузганы кеткендир, тактап айтып койгула да”, - деди депутат Ормонов.

Министрлер кабинетинин өкүлү толук маалымат берип, себебин түшүндүрө алган жок. Жыйында директордун орун басарына маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк берилбеди.

Эл өкүлү Исхак Масалиев токтомдогу өзгөртүүлөр боюнча маалыматты угууну кийинкиге жылдыруу боюнча маселени көтөрдү.

“Нурдан мырза келгенде карап көрөлү. Анын да маалыматы, терминдерди айтканын угалы. Негизи эле ушул залдан, комитеттен көрүп коёлу. Адис болгондон кийин алардын милдети бир гана буздуруш эмес, куруш да керек”, - деди Масалиев.






Жогорку Кеңештин тармактык жыйынында Нурдан Орунтаевдин жоктугу сынга кабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: