"Манас" театры Түгөлбай Казаковго аргымак мингизди




Бүгүн, 28-майда өлкөнүн эл артисти, композитор, публицист Түгөлбай Казаков 73 жашка чыкты. Бул күндү утурлай Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жалпы жамааты Түгөлбай Казаковго аргымак мингизди. Бул боюнча маалымат аталган театрдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Ага ылайык, бүгүн "Манас" театрынын концерттик залында залкар менен күйөрмандарынын, жакын санаалаштарынын жолугушуусу орун алды.
Түгөлбай Казаков 1951-жылы 28-майда Талас облусуна караштуу Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. "Жамгыр төктү", "Алтын балалык", "Элегия" жана башка 70тен ашык обондордун автору. Ошондой эле «Түркүн тагдырлар», «Терек канча жыл жашайт?», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмаларына, 30га жакын даректүү фильмдерге, спектаклдерге музыка жазган.
Түгөлбай Казаков
