Бишимбаевдин жактоочусуна коркутуулар болуп, ал полицияга кайрылды
Аялы Салтанат Нукенованы сабап өлтүргөн Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин жактоочусу Эрлан Газымжанов келип түшкөн коркутуулардан улам полицияга арыз жазды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, полиция тергөө иштерин баштады. Учурда иштин бардык жагдайларын толук жана ар тараптуу изилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим чыгарылат.
Буга чейин ушундай эле жагдайга Бишимбаевдин ишин караган судья Айжан Кулбаева да туш болгон. Апрель айында экс-министрдин соту учурунда Кулбаева коркутуулардан улам коргоого алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.