super.kg logo

"10 жылдан бери кыз-жигит болуп келген". АКШда 100дөн ашкан абышка менен кемпир баш кошту

 

АКШда карылар үйүндө 100 жана 102 жаштагы түгөйлөр баш кошушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жубайлар Марджори Фитерман менен Берни Литтман мындан тогуз жыл мурун карылар үйүндө таанышышкан. Ошондон бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп, олуттуу чечимди жакында эле кабыл алышкан.

Салтанатка эки тараптан тең төрт муундун өкүлдөрү катышты.

Түгөйлөрдүн жалпы жашы 202 жашты түзөт. Бул аларга никеге турган эң улуу түгөй катары рекорд коюуга мүмкүндүк берет. Фиттмандын небереси буга чейин Гиннесстин рекорддор китебине арыз берген.

"Учурдагы рекорд 2015-жылы катталып, анда жуптардын жалпы жашы 194 жыл болгон. Алар англиялык Дорин менен Жорж Кирбиге таандык", - деп айтылат Гиннесстин рекорддор китебинин сайтында.

Жубайлар буга чейин бир никени башынан өткөрүшкөн. Алардын буга чейинки жарлары каза болгону айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: