super.kg logo

"Курмандыктар жаткан жерде күлүп..." Франция менен Германиянын биринчи айымдарынын кылыгы көпчүлүктү иренжитти

 

Германиянын жана Франциянын биринчи айымдары Эльке Бюденбендер менен Брижит Макрондун Берлинде Холокосттун курмандыктарынын мемориалында тартылган сүрөттөрү көпчүлүктү иренжитти. Анда эки айымдын күлүп турганын көрүүгө болот.

Белгиленгендей, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Германияга 3 күндүк иш сапары менен барган. Анын алкагында Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен биргеликте Холокосттун курмандыктарынын мемориалына барышкан.

Дал ушул жерде биринчи айымдар Брижит Макрон жана Эльке Бюденбендердин күлүп жаткан сүрөтү интернет желесине жарыяланып, көпчүлүктүн сынына кабылууда.

Белгилей кетсек, холокост – грек тилинен “өрттөлүүчү курмандык”, “от менен жок кылуу” дегенди билдирет. Тактап айтканда, фашисттик Германиянын, анын союздаштарынын 1933-1945-жылдардагы жөөттөрдү куугунтуктоо жана массалык түрдө жок кылуу саясаты болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: