Бишкекте милиция кызматкери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды
Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Октябрь РИИБинин ыкчам кызматкери Э.Н. кармалган. Кармоо иши атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте ишке ашырылган.
"Тергөөдө аталган кызматкердин кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле атайын кызмат кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.