super.kg logo

"WhatsApp'тагы жалган билдирүүлөргө ишенбеңиз". ИИМдин эскертүүсү  

 

ИИМ жарандарды WhatsApp мессенджери аркылуу келген жалган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.

Акыркы күндөрү WhatsApр’та адамдардын тобу өзүлөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан жеке маалыматтарды чогултуп жатышканы, бирок алар уурулук менен алектенген адамдар экендиги тууралуу билдирүү таратылууда.

"Жалган маалыматка ишенбегиле. Эгерде сиздерге ушул сыяктуу текст менен СМС-билдирүү келсе, аны башка жакка жөнөтпөңүздөр.

Мындай фейк СМС-билдирүүлөр калк арасында араздашууну жаратууга кызыкдар адамдар тарабынан өздөрүнүн жеке максаттарына жетүү үчүн жасалып таркатылат", - деп билдиришти министрликтен.

Өлкө аймагында мындай көрүнүш менен жарандардын үйлөрүнө келип, өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырган фактылар катталган эмес.

Эскерте кетсек, участкалык милиция кызматкерлери зарыл болгон учурда гана аларга бекитилген аймактардагы үйлөрдү кыдырып маалымат алышат.

"Алар ар дайым кызматтык кийим кийип, кызматтык күбөлүктөрүн алып жүрүшөт. Көкүрөгүндө онлайн камералары, жашоочуларды, социалдык объектилерди, өзүнө тейлөөгө берилген аймакта объектилерди жана керектүү маалыматты камтууга электрондук каттоо үчүн планшеттери дагы бар болот.

Участкалык милициянын кызматкерлери үйүңүздөргө барганда, сиз кызматтык күбөлүгүн көрүп, аны менен таанышып чыгууну суранышыңыз керек", - дешти мекемеден.

ИИМ үйгө шектүү адамдар шектүү суроолор менен келсе, дароо жергиликтүү ички иштер органдарына же 102 кыска номуруна кайрылууну эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: