Казакстанда 5 жашар бала машина менен элди сүзүп, кырсык болгон жерден качып кетти
Казакстанда 5 жашар баланын башкаруусундагы унаа адамдарды сүзүп кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазууда.
Интернет желесинде унаанын элди сүзүп баратканы тартылган видео тарады. Окуя болгондон кийин бала унаадан чыгып, башка тарапты көздөй чуркап баратканын көрүүгө болот.
Маалым болгондой, унаанын ичинде отурган беш жаштагы бала кол тормозун коё берген. Натыйжада унаа турган жеринен жылып, адамдарды сүзгөн. Түрдүү жараат алган 5 киши ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.
Милиция кылмыш ишин козгоду. Эми ата-энеси эмне себептен баланы унаада жалгыз калтырып, этиятсыздык кылганын түшүндүрүшү керек.
Казакстанда беш жашар бала машина менен элди сүзүп
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.