super.kg logo

Израилдин танктары Рафахтын борборуна кирип келип, атышуу башталды

 

Израилдин Коргоо күчтөрү эл аралык коомчулуктун сынына карабай Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында аскердик операциясын улантууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Израилдин танктары жана аскердик унаалары шаар борборуна биринчи жолу Тал ас-Султан кварталына жана Аль-Авда мечитине жакын жерге келди. Кагылышуулар башталды. Шаарды танктардан жана абадан аткылоодо. Израиль армиясы болуп жаткан окуялар тууралуу кийинчерээк билдирүү жасай турганын билдирди.

24-майда Гаагадагы Эл аралык сот Израилден Рафахтагы аскерий операциясын токтотууну талап кылган.

Палестина кечээ күнү Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында он миңдеген качкындар жашаган чатыр лагерине Израилдин аба соккусунан кеминде 40 киши өлүп, ондогон адам жарадар болгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: