super.kg logo

Куандык Бишимбаевдин жактоочусу өкүмгө каршы апелляциялык арыз жазды

 

Аялы Салтанат Нукенованы сабап өлтүргөн коңшу Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин жактоочусу өкүмгө каршы апелляциялык арыз жазды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Бишимбаевдин жактоочусу Ерлан Газымжанов кечээ, 28-май аппелияциялык арыздын акыркы күнү экенин, мындан улам СИЗОдогу Бишимбаевге жолугуп, макулдашылгандан кийин арыз бергенин билдирген.

Арызда 20га жакын процессуалдык мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн, Бишимбаевдин жактоочусунун пикири боюнча, ишти кароодо судья Айжан Кулбаева аларга жол берген.

13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: