super.kg logo

Кыргызстан С-300 зениттик-ракеталык комплексин алат

 

Кыргызстанга С-300 зениттик-ракеталык комплекси келет. Бул тууралуу Башкы штабдын башчысы Руслан Мукамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.

Анын айтымында, зениттик-ракеталык комплекс жакынкы айларда келет. Башка зениттик-ракеталык комплекстерди алуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Украинадагы жана Израилдеги окуялар коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бул милдетти олуттуу кабыл алуу керектигин көрсөттү. Биз Орусиянын, Украинанын жана Израилдин абадан коргонуу тажрыйбасын үйрөнүп жатабыз. Эксперттер бардык оң жана терс жактарын белгилеп, анализ жүргүзүшөт", - деди ал.

С-300 зениттик-ракеталык комплекстери ири өндүрүштүк жана административдик объектилерди, аскердик базаларды жана командалык пункттарды душмандын аэрокосмостук чабуулдарынан коргоо үчүн арналган. Ошондой эле комплекс баллистикалык жана аэродинамикалык буталарды атууга жөндөмдүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: