super.kg logo

"Женгонун" жакыны милицияга доллар менен пара берип жатканда кармалды

 

Баткенде кылмыш ишин жаптыруу үчүн милиция кызматкерине акча сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Женго каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Хажы каймана аты менен таанылган Кызыл-Кыя шаарынын 62 жаштагы А.С. аттуу тургунун текшерүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Дайындалган соттук-химиялык экспертиза табылган зат жалпы салмагы З грамм 43 миллиграммды түзгөн гашиш түрүндөгү баңгизат экендигин аныктаган.

Ал эми шектүү жогорудагы кылмыш ишин жаабуу максатында милиция кызматкерине акча сунуштаган. Бул билдирме Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

"27-майда шектүү мурда жасаган кылмыш ишин жаптыруу үчүн милиция кызматкерине пара катары 1000 доллар берип жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: