Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң “Харли-Дэвидсон” мото клубу келет (видео)
Дүйнөдөгү мото сүйүүчүлөрдүн арасында эң чоң кытайлык клуб “Харли-Дэвидсон” Кыргызстанга келет. Бул туурасында президенттин маалымат саясатынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, клубдун өкүлдөрү мото унаалары менен бүгүн, 29-майда Кыргызстанга келип, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып, Торугарт аркылуу Кытайга кетишет.
“Курамын кытайлык ири компаниялардын жетекчилери, ишкерлер жана белгилүү блогерлер түзөт. Алар жыл сайын дүйнөнү кыдырып, туристтик жайларды көрүп, барган өлкөнүн меймандостугун, кооздугун, артыкчылыктарын дүйнөгө, миллиард калкы бар кытай элине жарнамалап таанытышат.
Туристтик сезон мына ушундай жагымдуу окуя менен башталганы турат. Кош келиңиздер, кымбаттуу кытайлык достор”, - деп калтырган Орунбеков.
Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң “Харли-Дэвидсон” мото клубу келет
