super.kg logo
  Саясат  

"Биз кыргызбыз". Мирлан Самыйкожо кесиптештерин менталитетти эске алуу менен мыйзамдарды кабыл алууга чакырды

 

Бүгүн, 29-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" мыйзамынын долбоору 2-окууда каралды. Анда депутат Мирлан Самыйкожо аталаган мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.

Ал мыйзам долбоорун иштеп чыккандар кыргыздын менталитетин унутуп калышканын айтты.

"Кыргыздын менталитети бар да. Биз кыргыз деген элбиз. Биз биринчи окууда эле айтпадык беле, урматтуу авторлор. Мен жөнөкөй эле нерсени айтып берейинчи. Эгерде үйдө келиниң менен балаң уруша кетип, келиниң арыз жазып койсо, балаң 10 күндөн 30 күнгө чейин эшикке чыгып турушу керек. Экинчи балдардын каржысына, чөйрөсүнө кийлигишпеш керек деген маселе бар. Эртең балдарыбызды тарбиялай албай калабыз. Балабызга башка чөйрөгө кошулба, бул чөйрөдө баңгичилер же уурулар бар экен деп түшүндүрүп жатсаң, ал бизди сотко берип койсо, ушул мыйзамдын негизинде отуруп беребизби?" - деген эл өкүлү мыйзамды артка кайтаруу сунушун берди.

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттын пикирине кошуларын айтып, сунушту добушка койду. Жыйынтыгында парламентте Самыйкожонун сунушу колдоо тапты.

Буга аталган долбоордун демилгечилеринин бири депутат Дастан Бекешев нааразычылыгын билдирип, сунуш кат жүзүндө берилиши керектигин белгиледи.

Дастан Жумабеков өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар көп катталып жатканын айттып, бул мыйзам зордукчуларга жазаны күчөтүү үчүн жазылганын билдирди. "Бүгүнкү күндө каада-салт менен жашайбыз десек, анда биз 18-19-кылымга кетип калышыбыз мүмкүн", - деди ал.

Депутат айым Надира Нарматова аталган мыйзам долбоору тармактык комитеттин талкуусунан өтүп, бүгүнкү жыйынга киргенин белгилеп, долбоордун артка кайтарылышы туура эмес болуп калганын айтты.






Жогорку Кеңеш 29.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: