super.kg logo

Орусия эмне үчүн "Талибан" менен мамилени жакшырткысы келет? Путин түшүндүрмө берди

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстанда талибдер азыр өкмөт экенин айтып, Орусия аны менен мамиле түзүшү керек экенин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Кантип мамиле куруу керек, бул башка маселе. Бирок биз аны кандайдыр бир жол менен куруубуз кажет. Булар өлкөнү көзөмөлдөгөн адамдар. Биз көптөгөн өнөктөштөр менен байланыштабыз", - деген ал.

Путин Ооганстандын ичинде чындап эле баарына белгилүү болгон көйгөйлөр бар экенин кошумчалады.

"Бирок бул өлкөнүн жаңы өкмөтү менен мамиле куруу зарылдыгын жокко чыгарбайт. Орусиянын Борбор Азияда көптөгөн өнөктөштөрү бар жана мамлекет алардын ар биринин пикирин, позициясын эске алууга аракет кылат", - деди Путин.

27-майда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен Юстиция министрлиги "Талибан" кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин билдирген. Бул позиция орусиялык башка ведомстволор менен макулдашылганы айтылган. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыймылды тизмеден чыгаруу зарылдыгын айткан.

"Талибан" Орусияда 2003-жылдын мартынан бери Жогорку Соттун чечими менен террорчу деп таанылган. Кыймыл 2021-жылдын 15-августунда Ооганстанда бийликти басып алган. 2023-жылдын декабрында казак бийлиги талибдерди тыюу салынган топтордун тизмесинен чыгарган. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстанда “Талибан” террордук уюм катары таанылган. Өзбекстан менен Түркмөнстанда кыймылга расмий түрдө тыюу салынган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: