super.kg logo

Еревандагы митингчилер ИИМдин имаратына барышты (видео)

 

Бүгүн, 29-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган жүрүштүн катышуучулары ички иштер министрлигинин имаратын көздөй барышты. Бул туурасында РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Маалымдалгандай, демонстранттардын башында жүргөн архиепископ Баграт Галстанян митингчилерге болгон милиция кызматкерлеринин мамилесин ИИМ түшүндүрүп берүүсүн талап кылууда.

"Мен министрликке барып, жүрүштүн катышуучуларына милициянын кылган мамилеси бийлик тараптан болгон буйрук экенин, же жетекчилик өз билемдик менен иш алып барып жаткандыгын билүүнү туура көрдүм”, - деген ал.

Белгилей кетсек, 13-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган митингчилердин 134ү кармалган . Жөө жүрүш 4-майда Армениянын Тавуш облусунан башталган. Демонстранттардын катарын чиркөөлөрдүн епархия башчылары да толуктаган. Басылмаларда айтылгандай, демонстранттар армян-азери чек ара тилкесиндеги талаштуу жерлердин Азербайжан тарапка өткөрүп берүү келишимине нааразылыгын айтып, башаламандык уюштуруп келишет.






Еревандагы митингчилер Армениянын ИИМнын имаратына барышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: