super.kg logo

Алматыда музыкант Викрам Рузахуновдун иши боюнча мурдагы орун басар кармалды

 

Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Берик Абильбеков кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун жана январь окуясында кыйноого алынган 22 жабырлануучунун иши боюнча шектүү катары кармалды. Бул туурасында казакстандык басылмалар Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Казакстандын башкы прокуратурасы 2022-жылдын январь айында Алматы облусунун Карасай районунун Кошмамбет айылында жайгашкан атайын тергөө абагында жарандарга карата кыйноолорду колдонуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип жатат.

«Тергөө жүрүп жаткан кылмыш ишинин алкагында Алматы полициясынын башчысынын мурдагы орун басары Берик Абильбеков кармалды», - деп айтылган маалыматта.

Айта кетсек, 14-апрелде музыкант Рузахуновдун иши боюнча төрт полиция кызматкери шектүү катары кармалган.

Эске салсак, январь айында Казакстанда орун алган башаламандык учурунда коңшу өлкөдөгү телеканалдардын биринде тополоңго катышканы Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: