super.kg logo

Абактарга баңгизат ташып кирүү фактысы аныкталды

 

Жаза аткаруу мекемелерине баңгизаттарды ташып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга түзөтүү мекемелеринин бирине ири өлчөмдөгү баңгизатын өткөрүп берүүгө аракет кылган жаран тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунан 1990-жылы туулган К.У. аттуу жаран кармалып, анын жанынан өзгөчө жыты бар эки брикет табылган. Ошондой эле анын жашаган жерин тинтүүдө 10 брикет табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертиза алынган заттар гашиш баңгизаты экенин, жалпы салмагы 5,738 килограммды түзгөнүн аныктаган.

"Аталган кылмышка тиешеси бар адамдар "ууру-общак" деп аталган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болуп жаза мөөнөтүн №8 мекемеде өтөп жаткандыгы аныкталды. 1997-жылы туулган Д.У. криминалдык чөйрөдө "положенец зоны" катары белгилүү болгон. Ал эми 1993-жылы туулган М.Н. түзөтүү мекемелеринде баңгизаттарды сатууга жооптуу жана "смотрящий за отравой" статусу бар", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: