super.kg logo

Ататүрк паркы боюнча маселе: Мэрия депутат Бекешевдин "бир адам каза болду" деген сөзүнө жооп берди

 

Бишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин Ататүрк сейил багы боюнча маселеге байланыштуу "бир адам каза болду" деген сөзүнө жооп берди.

"Каза болгон жарандын себептери тууралуу расмий маалыматка компетенттүү органдар тарабынан түшүндүрмө берилет. Мындан улам мэрия депутат Дастан Бекешевди жана башка кызыкдар тараптарды коомчулукту адаштырбоону суранат.

Белгилей кетсек, Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйындарында бир нече жолу Ататүрк паркынын чек арасын бекитүү чечимин демилгелеген. Депутат юрист катары бул чечимдин кесепети кандай болорун жакшы түшүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия Ататүрк сейил багынын аймагын кайтаруу боюнча иштерди мыйзамдын алкагында алып барарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-майдагы парламенттин жыйынында Бекешев Ататүрк паркынын аймагындагы үйдө жашаган бир адам каза болгонун айтып, мэрия жарандарга кысым көрсөтүүнү улантып жатат деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: