Бишкек ЖЭБи күз-кыш айларына даярдык көрүү иштерин улантууда






Бишкек ЖЭБинде 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери менен катар көмөкчү жумуштар да жүргүзүлүүдө, аларды ишке ашыруу бүтүндөй ишкананын ишин да аныктайт.
⠀
Ага ылайык, кубаттуулукту калыбына келтирүү үчүн учурда камсыздоо каналын тазалоо иштери жүрүп жатат. Айта кетсек, каналдын боюндагы бир нече аянттарда атайын техникалар жана каналдын түбүнүн бир бөлүгүн дренаждоо иштери параллелдүү жүргүзүлүүдө.
⠀
"Тазалоо иштеринин негизги максаты – ЖЭБде электр энергиясын өндүрүүнүн азайышына алып келиши мүмкүн болгон муздаткыч суунун өткөрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жол бербөө болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
