super.kg logo
  Спорт  

"Реал" же "Боруссия Дортмунд?" Килиан Мбаппе Чемпиондор Лигасынын финалы тууралуу айтты

 

Француз чабуулчусу Килиан Мбаппе Чемпиондор Лигасынын финалындагы "Реал Мадрид" жана "Боруссия Дортмунд" командаларынын беттешинде "кайсы командага күйөрмандык кыласыз?" деген суроого жооп берди.

Ал жакында эле ПСЖ клубунан кеткенин жарыялаган. Ошондой эле "Реал Мадрид" футболчу менен келишим түзүп, июль айында тааныштырары кабарланган.

"Мен күйөрмандык кылбай эле, жөн гана силер сыяктуу финалды көрөм. Футболду сүйсөң ар бир оюнду көрөсүң. Колумдан келишинче көп оюндарды көрүүгө аракет кылам. Мен Франция, Англия, Испания, Германия, Италия чемпиондуктарынын оюндарын көрөм", - деген Мбаппе CNN Sport басылмасына.

Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши ишемби күнү, 1-июнда Лондондо өтөт. Финалда Германиянын "Боруссия" жана Испаниянын "Реал Мадрид" клубдары ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: