super.kg logo

"Ата-энем ажырашып кеткен". Ошто дүкөндөрдө уурулук жасоого шектелип 23 жаштагы жигит кармалды

 

Ош шаарында түнкүсүн дүкөндөргө кирип, акча уурдап жүргөнгө шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 16-апрель күнү белгисиз жарандар Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайдан түнкүсүн эшигин бузуп кирип, кассадан 26 миң сом акчаны уурдап кетишкен. Ал эми 20-апрелде ушул эле көчөдө жайгашкан кичи азык-түлүк дүкөнүнөн 7500 сом уурдалган.
Маалым болгондой, шектүү уурулуктарын түнкү саат 1ден 4кө чейинки аралыкта жасап жүргөн.
Бул кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну, эч жерде иштебеген, мурда бир ирет уурулугу үчүн сот жоопкерчилигине тартылган А. А. аттуу жаран кармалган.
"Өзүнүн айтуусу боюнча, ата-апасы ажырашып, экөө башка турмуш куруп кетишкен. Шектүү А. А. ар кимдин үйүндө жан багып жүрүп, туугандары тарабынан жетиштүү көңүл бурулбагандыктан өз жанын багуу үчүн Ош шаарында кылмыш жолуна түшүп кеткендигин билдирди", - деп маалымдашты шаардык милициядан.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: