"Элит Хаустун" негиздөөчүсү Тимур Файзиев үй камагына чыкты
“Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-майда Октябрь райондук соту Тимур Файзиевди үй камагына чыгарган. Ал 4-июлга чейин үй камагында болот.
Эскерте кетсек, Файзиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 10-октябрда кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

