Садыр Жапаров Кыргызстанда жумуш таппай жүргөндөргө кайрылды
Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканына байланыштуу акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүүнү суранышууда.
Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде-ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар.
Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 миң, 30 миң сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)", - деп жазды Жапаров.
Өлкө башчы белгилегендей, иш боюнча суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү адистери жооп берет.
Телефон аркылуу маалымат алуу иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин (ишемби, жекшемби – дем алуу күндөрү).
Байланыш телефону: 1899
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.