super.kg logo

Кытайдан келген мото сүйүүчүлөр кара жорго бийлешти

 

Кытайдан келген мото сүйүүчүлөр кара жорго бийин бийлешти.

Белгилүү болгондой, кечээ 29-майда дүйнөдөгү эң чоң "Харли-Дэвидсон" мото клубунун 65 өкүлү Кыргызстанга келген. Учурда алар "Ала-Арча" улуттук паркында жүрүшөт.

"Харли-Дэвидсон" дүйнөдөгү мото сүйүүчүлөрдүн арасындагы эң чоң клуб болуп саналат. Анын курамын кытайлык ири компаниялардын жетекчилери, ишкерлер жана белгилүү блогерлер түзөт. Алар жыл сайын дүйнөнү кыдырып, туристтик жайларды көрүп, барган өлкөнүн меймандостугун, кооздугун, артыкчылыктарын дүйнөгө, миллиард калкы бар кытай элине жарнамалап таанытышат.

Белгилүү болгондой, клубдун өкүлдөрү буга чейин 80ге жакын өлкөнү кыдырышкан.

Алар алдыңкы 3-4 күндө Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып, Торугарт аркылуу Кытайга кайтып кетишет. Кыргызстанга чейин беш миң чакырым жол жүрүп келишкен.






Кытайдан келген мото сүйүүчүлөр кара жорго бийлешти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: