super.kg logo

Владимир Путин Зеленскийдин легитимдүүлүгү тууралуу айтты

 

Украинада азыркы шартта Жогорку Рада жана анын спикери жалгыз легитимдүү өкмөт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Украинанын Конституциясында Жогорку Раданын ыйгарым укуктарын узартуу каралган. Бирок анда аскердик абалга байланыштуу президенттин ыйгарым укуктарынын узартылышы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Украинанын Жогорку Радасынын спикери кызматын учурда Руслан Стефанчук аркалайт.

Ошондой эле журналисттер менен болгон маегинде мамлекет башчысы орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча маселени көтөрдү. Ал Москва диалогго кайтуудан эч качан баш тартпаганын баса белгиледи.

"Биз сүйлөшүүлөрдү колдойбуз", - деди Путин.

Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында, ал эми жаңы шайланган мамлекет башчысынын инаугурациясы май айында өтүшү керек болчу. Бирок шайлоо аскердик абал жана жалпы мобилизация деген жүйө менен жокко чыгарылган.

Владимир Зеленский 2019-жылы Украинанын президенти болуп шайланып, ошол эле жылдын 20-майында кызматына киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: