super.kg logo

Оштогу Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин деканынын орун басары кармалды

 

Мамлекеттик экзамендерди кабыл алуу учурунда акча талап кылгандыгы үчүн ЖОЖдун деканынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучулары тарабынан студенттерден системалуу түрдө акча чогултуу фактысы аныкталган.

Тагыраагы, 27-майдан 29-майга чейин аталган университеттин гуманитардык-педагогикалык факультетинде Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзамендер өтүп, анын жүрүшүндө аталган факультеттин деканынын орун басары Д.у.Д., экзамендик комиссиянын мүчөлөрү К.У., А.О., К.Р., А.Н. жана А.А. менен сүйлөшүп, студенттерге жасалма тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу алардын ар биринен 1500 сомдон талап кылганы аныкталган.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, экзамендин эки күнүндө студенттерден болжол менен 300 миң сомго жакын акча каражаты чогултулган. Топтолгон материалдардын негизинде 28-майда УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, декандын орун басары УКМКнын тергөө абагына камалды", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: