super.kg logo

Жапаров Кара-Сууда бүтүрүүчүлөргө кайрылды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылындагы 275 орундуу мектептин ачылышына катышты.

Анда Жапаров республика боюнча курулушу башталып, бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80 пайызы бүткөрүлгөнүн айтты. Бул тууралуу өкмөттөн бүгүн, 30-майда маалымдашты.

"Бул мектептин курулушу 9 жыл мурда башталган эле. Эми мына курулуш иштери аяктап, биздин балдар, биздин кыздар жаңы окуу жайына кирип жатышат", - деди Жапаров.

Буга удаа минкаб башчысы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынганын белгиледи.

"Элдин кирешесин көбөйтүү үчүн 365 миңден ашык адамдын айлык акысын жогорулаттык, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык жана башка тармактын кызматкерлердин маянасы жогорулады. Булардан тышкары 700 миңден ашык пенсионердин пенсиясына 3 жылда 3000 сомдон ашык коштук", - деди ал.

Ошондой эле Жапаров бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерин кайрылып, кесип жана жогорку окуу жайды тандоодо дыкат мамиле кылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: