super.kg logo

Пакистандык чиновник кыргыз бийлигинен студенттер жашаган жерлерде коопсуздукту күчөтүүнү суранды

 

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев менен Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Салим Пакистан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Заигам, Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Токтоналиев жана Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Тараптар Пакистан жарандарынын жана студенттеринин Кыргызстанда жүргөн учурундагы коопсуздугуна байланыштуу маселелерди талкуулашкан.
"Мухаммад Салим Кыргызстандын ички иштер министрлигине кырдаалды турукташтыруу жана студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз убагында көрүлгөн чаралар үчүн ыраазычылык билдирди.
Эркебек Аширхожаев бүгүнкү күндө ички иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын аймагында жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын, өзгөчө студенттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча объективдүү жана ар тараптуу чаралар көрүлүп жатат деп ишендирди", - деп билдиришти ИИМден.
Ал эми Пакистандын элчилиги ошондой эле Пакистандын Тышкы иштер министрлиги калкты ЖМК жана интернет сайттар аркылуу, анын ичинде Кыргызстанга келе турган Пакистандын студенттердин жана жумушчу мигранттардын абалы турукташып, коркпой Кыргызстанга барууга боло тургандыгын маалымдап, муну менен Пакистандан келген студенттер жашаган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүүнү суранган.
Мухаммад Салим студенттер келечекте мамлекеттер ортосундагы мамилелерди кура ала турган көпүрө экенин белгилеп, Кыргызстандын жаштарын Пакистанга окууга чакырып, алардын экономикалык адистиктер жана инженерия багыттары абдан өнүккөндүгүн белгиледи.
Ошону менен бирге Ички иштер министрлигине Пакистандын университеттеринде окууга эки грант бөлүнгөнүн билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: