super.kg logo

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп кылмыш ишинде күнөөлүү деп табылды

 

Нью-Йорктогу сот арачылары АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты 2016-жылдагы шайлоонун алдында мурдагы порно актриса Сторми Дэниэлске төлөнгөн сумманы жашырууну көздөгөн деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, ага жалпысынан 34 берене боюнча айып тагылып, сот арачылары аны ушул беренелердин бардыгы боюнча күнөөлүү деп тапкан. Муну менен Трамп Кошмо Штаттардын тарыхында кылмыш үчүн айыпталган алгачкы президент болуп калды.

Бирок АКШнын 45-перзидентти Дэниэлс менен интимдик катнаш болгонун четке кагып, ага коюлган айыптарды моюнуна алган эмес.

Эми ишке төрагалык кылган судья Хуан Мерчан өкүм чыгарышы керек. Бул үчүн өзүнчө сот жараяны 11-июлга белгиленген. Юристтер менен эксперттердин айтымында, Трамп бул иши үчүн төрт жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок айыптоо корутундусундагы 34 пункту эске алганда ал жалпы 136 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эксперттер сот кандай өкүм чыгарса да Трампка президенттик шайлоого аттанууга тоскоолдук жаратпай турганын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: