“Супер-Инфо” гезити ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн чакан концерт уюштуруп, Жаңы жылдык белектерди ыроолоду (Фоторепортаж)
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясы Ахунбаев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттардын биринде иш алып барат. Музыкалык шаймандары менен камдуу жүргөн өнөр адамдары менен биргеликте 30 балага белек алып, аталган дарек боюнча жөнөп кеттик.


Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясы Ахунбаев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттардын биринде иш алып барат. Музыкалык шаймандары менен камдуу жүргөн өнөр адамдары менен биргеликте 30 балага белек алып, аталган дарек боюнча жөнөп кеттик.

Балдар үйүнө киргенде эле ушул такта биринчи көзгө урунду. Бул тактага ошол жердеги балдардын сүрөттөрү илинип, аттары жазылган.

Чакан концерт уюшулган бөлмөнүн боору таланттуу балдардын колунан жаралган сүрөттөр менен өзүнө тартат.

Чакан концерт "Акак" комузчулар ансамблинин күүлөрү менен башталды.

Көңүлдүн бөксө жери ыр-күү менен толоору шексиз. Шаңдуу ыргактар балдардын көңүлүн көтөргөнүн алардын жүзүнөн билүүгө болот.

Ырчы Данияр Эрматов балдарга ыр арноодо.

Ырчы Элиза Орозова ырын балдардын курчоосунда аткарууда.

Ырчы Элиза Орозова ырын балдардын курчоосунда аткарууда. Ал ырын ортолоп калган маалда башка ырчылар да жаш балдар менен бийлөөгө өтүштү.

Ырчы жигит Руслан Абылов балдар үчүн даярдап келген чыгармасын аткарууда.

Жаш күйөрмандар ырчылар менен кошо жарыша ырдап, кези келгенде бийлеп, чертилген күүнүн добушуна карата колдорун сербеңдетип да жатышты.

Жаш балдарга ыр арноо үчүн барган чыгармачыл топтун ичинде ырчы Бегимай Бекбоева да болду.

Ырчы Жоодарбешим жаш балдарга белек тапшырып жатат.

Аталган ассоциациянын башкы координатору Тамара Балкибаеванын берген маалыматы боюнча Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясы 18 жыл мурун түзүлгөн. Бул жерде ата-энелер балдардын мүмкүнчүлүгүнө жараша мекетпке даярдоого аракет кылышат. Бардык ата-эненин жана бул жерде иштеген кызматкерлердин башкы максаты балдарды коомго кошуу экендигин белгилеп өттү Тамара айым.

Назар 9-класстын окуучусу. Тагдыр анын сүйлөө мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон.

Сабина 10 жашта. Ал Жаңы жылдын алдында Аяз атага кат жазып жатат.

Коштошор алдында чакан концертке катышкан өнөр адамдары балдар менен эстеликке сүрөткө түшүштү.
Бүгүн, 23-декабрда “Супер-Инфо” гезитинин жамааты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясындагы балдар үчүн чакан концерт уюштурушту. Саамалык алкагында балдарга ыр-күүлөр арналды. Андан тышкары жалпысынан 30 балага гезиттин атайын даярдалган белектери тапшырылды.
"Супер-Инфо" гезити балдарга белек таратты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
2

