Индияда зыяратчыларды ташыган автобус капчыгайга кулап, кеминде 21 адам каза болду (видео)
Кечээ, 30-майда Индиянын түндүгүндөгү Джамму федералдык аймагында зыяратчыларды ташыган автобус бийик капчыгайдан кулап кетип, кеминде 21 адам каза таап, ондогон адамдар жарадар болгонун чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалымдалгандай, полиция кызматкерлери автобус түндүктөгү Харьяна штатынын Курукшетра районунан чыгып, Джаммудагы индус храмына бара жатып, капчыгайга оодарылып кеткен.
“Куткаруу операциясы уланып жатат. Жол кырсыгынан 40 киши жабыркап, алар дарылануу үчүн Джаммудагы өкмөттүк медициналык борборуна жаткырылган”, - деп айтылат анда.
Индияда зыяратчыларды ташыган автобус капчыгайга кулады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.