super.kg logo

Грузияда бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттары биргелешкен билдирүү жасашты

 

Грузияда бейөкмөт уюмдар (БӨУ) жана маалымат каражаттары президенттин ветосуна каршы кабыл алынган “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамга баш ийбөө тууралуу биргелешкен билдирүү жасашты. Оппозиция бул мыйзамды “орусиялык” деп атайт, анткени алар Орусиянын чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамына окшоштуктарды көрөт.

Билдирүүдө бейөкмөт уюмдар грузин өкмөтүнүн аракеттерине кескин макул эместигин билдиришкен, алардын пикири боюнча, бул Грузиянын экономикасына, анын эл аралык аброюна, коомдук тартипке жана тынчтыкка коркунуч келтирет. Бейөкмөт уюмдар грузин бийлиги аларды батыш гранттарынан баш тартууга мажбурлоо үчүн буга чейин ар кандай жолдор менен коркутууга аракет кылганын билдиришти.

"Биздин өлкөдө орус мыйзамдары иштебейт! Ал эч ким баш ийбеген кагаз бойдон кала берет! Бийлик атайылап биздин өлкөнүн экономикасына, эл аралык аброюна, жарандык тартипке, тынчтыкка коркунуч жаратты. Биздин нааразычылык жана күрөшүбүз бул мыйзам жокко чыгарылмайынча улана берет", - деп белгилешет уюмдар.

Ушул жуманын башында кабыл алынган мыйзамга ылайык, каржылоонун 20 пайыздан ашыгын чет өлкөдөн алган уюмдар чет элдик агент катары белгилениши керек. Бул чараларга баш ийбеген уюмдар 3700 доллар же андан көп айыпка жыгылат.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили мыйзамга вето койгон, бирок “Грузин кыялы” партиясы парламентте добуш берүүнү уюштуруп, көпчүлүк добуш менен президенттин ветосун жокко чыгара алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: