super.kg logo

Мезгилден артта калбаңыз! "Супер-Инфо", туулган күнүң менен!

 

Бүгүн, 31-майда “Супер-Инфо” гезити 22 жашка толду! Бул жылдар аралыгында гезит сиздин жан шеригиңиз болуп, позитивдүү маанай тартуулап келди. Мындан ары да багыт көрсөтүүчү, объективдүү маалымат жеткирүүчү булак катары дайыма жаныӊызда болот.

Кыргыз тилдүү ММКлардын арасынан суурулуп чыгып, өзүнүн тарыхын алтын тамгалар менен жаза алган “Супер-Инфо” гезитинин нускасы 120 миңге жетип, апта сайын маалыматка суусаган элибизди камсыздап келди. Заманбап жазуу стили, өзгөчө баяндоо, жаңыча дизайн, күнүмдүк турмушта колдончу кеңештер, айтайын деген ойду так, кыска, даана жазуу “Супер-Инфо” гезитинин “фишкасы” болуп келе жатат.

Туулган күнүң менен, "Супер-Инфо"! Сен эч ким тааныбаган таланттарды жылдыз кылдың, элдин сүйүктүү гезити болдуң, кеңеш бердиң. Буга чейин эч ким жасай элек жаңычылдыкты коркпой, тайманбай, кыйынчылыктарды тээп өтүп жасадың! Дагы бийикте, уч! Элиңе кызмат кылганды унутпа! Көп жаша, жолуң узун, асманың ачык болсун, окурманың миллиондоп өссүн!

Замандаш, ар дайым "Супер-Инфо" менен бирге болуп, мезгилден артта калбаңыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: