Килиан Мбаппе биринчи жолу жаңы командага өткөнүн тастыктады
Франция курама командасынын жылдызы Килиан Мбаппе Испаниянын "Реал Мадрид" клубуна өтүү ниетин жашырган жок. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Франция курама командасы менен машыгуудан кийин күйөрмандары менен болгон жолугушууда жылдыз чабуулчудан "Реал Мадриддин" футболкаларына кол коюуну суранышкан. Килиан Мбаппе күйөрмандан баш тарткан эмес.
Буга чейин ал башка клубдун футболкаларына кол койчу эмес.
Белгилей кетсек, Мбаппенин "Пари Сен-Жермен" менен келишими 30-июнда аяктайт. ММКлар "Реалга" өтүү тууралуу расмий билдирүү Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинен кийин болорун жазышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.