super.kg logo

Түркиядагы көчмөндөр оюну боюнча мамлекеттик кызматкерлер кармалды

 

Өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т. аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. аттуу жарандарды кармаган.

"Аталган жооптуу кызмат адамдары, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан «Көк бөрү», «Кыргыз күрөш», «Алыш бел боо күрөш», «Салбуурун», «Кулатуу», «Ат оюндары» федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркияда өткөн 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын өздөрүнө мыйзамсыз ыйгарып алышканы такталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: