super.kg logo

Алматы шаарын “орус жери” деп атаган Орусиянын вице-спикерине казак депутаты жооп кайтарды

 

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Петр Толстойдун Казакстандын Алматы шаарын “орус жери” деп атаганына Казакстан жооп кайтарды.

Казакстандын Мажилисинин депутаты Мурат Абенов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикеринин сөзүн эки өлкөнүн ортосундагы “жакшы коңшулук жана союздаштык мамилелерге" шайкеш келбейт деп атады.

"Орусия да, Казакстан да көз карандысыз жана демократиялуу өлкөлөр экени талашсыз, анда ар бир адам өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок мындай маанайдагы сөздөр ар кандай чагымчылар тарабынан колдонулат. Кантсе да баарын көзөмөлдөй албайсың.

Мындай ашынган билдирүүлөр бир эле депутат тарабынан эмес, Мамлекеттик Думанын вице-спикери Толстой тарабынан айтылганда, мен муну таптакыр кабыл алынгыс деп эсептейм", - деди Абенов.

Мурат Абенов

Ошондой эле ал орус кесиптештерин кошуна эки мамлекеттин достугуна этият болууга чакырып, мындай билдирүүлөрдү “жоопкерчиликсиздик” деп атады.

"Мен Орусиянын көп улуттуу элинин өкүлү болгон орусиялык кесиптештеримди эки коңшу мамлекеттин достугуна жана кызматташтыгына кам көрүүгө чакырат элем. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдөн улам казак-орус достугу бузулушун каалабайбыз", - деп белгиледи Абенов.

Петр Толстой

Буга чейин Петр Толстой “Комсомольская правда" радиосуна берген маегинде Алматыны “биздин шаар” деп атап, казакстандыктарды Орусия империясынын тушунда шаардын аты "Верный" деп аталганын “унутпоого” чакырган.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: