Бүгүндөн баштап жарандарга Кыргызстанда жасалган паспорттор бериле баштайт
Бүгүн, 31-майдан тарта өлкөдө жасалган жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Бүгүн мамлекетибиз ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүн берип баштайт. Мурда жалпы жарандык паспорт Германиядан, ал эми ID-карта Түштүк Кореядан даярдалчу. Ал үчүн мамлекет чет элдик компанияларга 15 миллиард сомдун тегерегинде акча каражатын жумшаган. Мындан ары паспорттун эки түрү тең президенттин иш башкармалыгына караштуу "Учкун" басмаканасында даярдалат. Мурдагы паспортко салыштырмалуу бир нече көп коргоо элементтери болуп, дүйнөдөгү ондукка кирген сапатта болот. Эми шылуундуктарга мурдагыдай жасалма паспортторду даярдоого жол берилбейт. Миллиарддаган акча каражатыбыз мамлекетте калат!, - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, 28-майдагы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов 1-июндан тарта Кыргызстанда "Учкун" басмаканасында даярдалган паспорттор бериле баштаарын айтып, депутаттарга паспорттордун жаңы даярдалган үлгүсүн көрсөткөн.



1 |