"Алтын тамганын" ээси Азамат: "Ошондо оюма биринчи эле мектебим келди" (маек)
Быйыл өлкөдө 149 окуучу "Алтын тамга" аттестациясына ээ болду. Алардын арасында Азамат Акынов да бар. Бишкек шаарындагы "Креатив-Таалим" билим берүү комплексин бүтүрүп жаткан Азамат IT адиси болууну максат койгон.
"Келечекте Кыргызстанда IT компаниясын курам" деген Азамат окуудагы жетишкендиктери, болочоктогу кыял-максаттары менен SUPER.KG сайтына маек берип жатып бөлүштү.
Азамат үй-бүлөдө үч бир туугандын кенжеси. Ал Таласта төрөлүп, 11 жыл ичинде беш мектеп алмаштырганын айтат.
– Эки байкем бар. Таласта төрөлгөм, 0- жана 1-классты Таластагы орус тилдүү мектепте окуп келгем. 11 жыл ичинде беш мектеп алмаштырдым. "Креатив-Таалимде" 7-классымдан бери окуп жатам. Азыр окуп жаткан мектебим кыргыз тилинде окутат.
– "Алтын тамгага" жетүү үчүн канча убакыт даярдандыңар?
- "Алтын тамга" тууралуу алгач 9-классымда билгем. Ошондон бери өзүмдү буга даярдап келгем. 11-класста окуп жатканда катуу даярдана баштадык. Мугалимдерибиз чоң эмгек жасап, мыкты деңгээлде даярдашты. Кайсы убакта чалып же WhatsApp’тан кайрылбайлы, бардык суроолорубузга жооп берип турушту. Мугалимдериме ыраазычылык айтам.
"Алтын тамгага" математика, химия, кыргыз тили, тарых төрт сабактан сынак тапшыруу боюнча айтылат. Бирок кыргыз тили экиге бөлүнүп кетет, кыргыз адабияты жана кыргы тили болуп. Ошондуктан мен сынакты беш сабактан берет деп айтар элем. Мага адабияттан сынак тапшыруу кыйын болду. Тарыхтан жеңил болду деп айта алам. Ал сабактан берген Кайырбек агайыбыз өзгөчө метод менен даярдаган болчу. Ага дагы ыраазымын. Ата-энелерибизге дагы рахмат.
- "Алтын тамганы" алганыңды укканда алгач кимге ыраазычылык айткың келди?
- Негизи оюма биринчи эле мектебим келди. Өзгөчө тарых сабагынан берген Кайырбек агайга жана химия, кыргыз тилинен берген эжекелериме рахмат. Жалпы эле мектепте бизге сабак берген мугалимдерибизге ыраазыбыз. Анткени тестке кирерде мугалимдерибиз бизге ишеним көрсөтүп, сынак жашоодогу бир гана сыноонун бөлүгү экенин эске салып, ак батасын беришкен. Мындан кийин өзүбүзгө болгон чоң ишеним жаралат экен. Ал бул сынактагы маанилүү фактор болуп саналат.
- "Алтын тамганын" кандай артыкчылыктары бар экен?
- Менин билишимче, азырынча жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерден бошотулдук.
- Эмнеден улам артыкчылык аттестатын алгың келди?
- Биринчиден, бардык сабактарды "5" деген баага окугам. Быйыл дагы "5" менен бүтөйүн дедим. Экинчиден, менин байкелерим артыкчылык аттестаттар менен окушкан. Алардын жолун жолдоюн дедим. Үчүнчүдөн, мектебибиз биз үчүн чоң эмгек кылды. Алардын эмгегин текке кетирбей, акташ керек деген ой болду.
Кайсы сабактарды жакшы көрүп окудуңар?
- Математиканы аябай жакшы көрөм. Анан физика дагы жагат. Так илимдерге жакыныраакмын. Албетте, анан дене тарбия сабагы (күлүп).
- Кайсы окуу жайга тапшырууну пландап жатасың?
- IT багытын тандап алдым. Кыргызстандагы эң мыкты университеттердин бири Бордук Азиядагы Америка университетине тапшырдым. Учурда ЖРТнын жыйынтыгын күтүп жатам.
- Келечектеги максат-кыялдарың тууралуу дагы айтып өтсөң?
- Келечекте Microsoft, Apple сыяктуу ири компанияларда иштегим келет. Анан өлкөмдө өзүмдүн IT компаниямды негиздөө оюмда бар. Жөн эле IT компания эмес, адамдардын жашоосуна пайдасы бар өзгөчө нанотехногияларын колдонгон компания түзүү. Муну менен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкум келет.
- Мектепти аяктап жатып буга чейин силер туш болгон кызыктуу окуялардан болсо айтып берсеңер?
- 8-класста окуп жатканда мектептин алдында турниктер жок болчу. Биз футбол талаасындагы турниктерге барчубуз. Негизи ал жакка барууга уруксат берилчү эмес. Анткени мугалимдер бизди мектептин айланасынан чыгарбай көзөмөлдөшү зарыл эле. Ал жакка барып жүрдүм, кийин кластташтарым, башкалар дагы бара башташты. Бизди урушуп калышчу. Ага карабай биз кетип кала берчүбүз. Акырында бизге мектептин алдына турниктерди орнотуп беришкен. Ал планда бар болчу экен, бирок бир жылдан кийин коюлмак экен да (күлүп).
- Сонун, алдыдагы окууларыңа ийгилик, дайыма алдыга умтулган, максаттуу жаштардын катарын толуктап жүрө бергиле. Маек үчүн ыраазычылык айтам.
Маалымат үчүн: Быйыл республика боюнча 9-классты 128 миңден ашык окуучу, 11-классты 73 миңден ашык окуучу аяктап жатат.
кошулду

