super.kg logo

Европада теракт уюштурууга шектелген кыргыз жараны кармалды

 

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү делген кыргыз жараны Европада теракт уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен Европа мамлекеттеринин бирине террордук акт уюштурууга аракеттенип жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүн аныктаган. Алардын катарында чет өлкөдө жашырынып жүргөн И.А. аттуу кыргыз жараны дагы болгон.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Кыргызстанга алынып келинген.

Мындан улам 29-майда Токмок шаарында кармалган жаранга тиешеси бар 17 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун атрибутикасы бар экстремисттик адабияттар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, баңгизаттар, ок-дарылар жана 28 майнинг жабдуулары табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Мындан тышкары табылган баңги каражаттары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүнө (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) ылайык 1971-жылы туулган М.М.Д. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: