ИИМ президент Жапаровго байланыштуу видео боюнча билдирүү жасады
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда өлкө жетекчилигинин үнү менен каржы компанияларын жарнамалаган жалган видеолорго ишенбөөгө чакырды.
Маалыматта ар кандай инвестициялык компанияларды жарнамалаган жалган видеолор тарап жаткандыгы жана анда жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн өлкө жетекчилеринин үндөрү кошулганы белгиленген.
"Урматтуу жарандар, өлкө жетекчилигинин үндөрү менен жасалган жалган видеолорго жана үн билдирүүлөрүнө ишенбеңиздер. Эгерде сиздин социалдык баракчаңызга ушундай видеолор чыгып калса, ага ишенип, башкаларга жөнөтпөөнү суранабыз. Жалган маалыматты тараткандарга мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертебиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Видео: ИИМ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.