super.kg logo

Лев Толстой көчөсү оңдоо иштерине жабылат

 

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүн капиталдык оңдоо иштерин 10-июнга чейин баштоо пландалууда. Мэрия буга байланыштуу жол жарым-жартылай жабыларын айтты.

Ага ылайык, Лев Толстой көчөсүндөгү Т.Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки жол капиталдык оңдоодон өтөт.

"17 980 чарчы метр аянтта эски асфальттын сыйруу жана демонтаждоо иштери башталат. Андан кийин асфальтка чейинки жумуштары жана люктарды тегиздеп орнотуу иштери жүргүзүлөт. Акыркы этап асфальт-бетон аралашмасын төшөө болот", - деп жазылат маалыматта

Белгилей кетсек, бул көчөдө акыркы жолу 2019-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Кызмат мөөнөтү өтүп, жолдун үстү тегиз болбой калган.

"Жайында абанын температурасы 28°Сден жогору болгондо асфальт төшөлгөн жер жумшарып, автоунаалардын жана оор жүк ташуучу унаалардын көп агымынын натыйжасында асфальт төшөлгөн жерде толкундар пайда болот", - деп кошумчалады мэрия.

2023-жылы кеч күздө транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана кыймылдын ылдамдыгын жогорулатуу максатында жолдун үстү (асфальт) узунунан жылып, толкундар пайда болгон жерлери тегизделген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: