super.kg logo

"30дай тасма көрсөтүлөт". Кыргызстанда эл аралык кинофестиваль өтөт

 
Бишкекте 11-15-июнь күндөрү экинчи ирет “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматта беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүп жатканы айтылат.
Анда ККАОнун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган улуттук тасмалардын “Ретроспектива” көрсөтүүлөрү жана фестивалга келген кинорежиссёрлордун, маданият ишмерлеринин катышуусундагы мастер-класстар, лекциялар жана панелдик талкуулар каралган.
Фестивалдын алкагында жалпысынан 30дай тасма көрсөтүлүп, ар тараптуу мастер-класс жана Борбор азиялык кинематографисттер үчүн питчинг өткөрүлмөкчү.
Эл аралык” жана “Борбор Азиялык” болуп эки категорияга бөлүнгөн кино фестивалдын сынагында толук метраждуу көркөм тасмалар ат салышып, Борбор азиялык питчингде жаңы кинодолбоорлор талкууланып, мыктыларына байгелер ыйгарылат.
Иш-чаранын максаты - улуттук киноискусствону мындан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны сапаттуу деңгээлге көтөрүү, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде өлкөдө киноөндүрүшүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, фестиваль Маданият министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: