super.kg logo

Сузакта “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

 

Кечээ, 31-майда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү жактоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган адамдар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Ага ылайык, тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылды.

Алар "ХТИ" ДЭУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.

"Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.06.2024. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динге башын сайып, оздорун ыймандуу ойлоп алган динчилидер кыргыз желегин өртөшүп, ордуна арабча атрибут, символдорду Кыргызданга жайылтып жатышат. Мындай акылга сыйбаган жоруктарын динчилдер токтотуш керек. Жаштарга диний фанатизм эмес, билимди жеткириш керек. Арабтардын атрибуттарын, символдоруп жамынып алып кыргызстан өнүгүп кетпейт. Мамлекеттин эң биринчи идеялогисы - экономика жана билим болуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: